Футбол боюнча улуттук кураманын жарым коргоочусу Эдгар Бернхардт Омандын "Аль-Оруба" клубу менен келишим түздү. Бул тууралуу КРнын Футбол федерациясынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, "Аль-Оруба" клубу Омандын учурдагы чемпиону. Быйылкы сезондо да лидерлик сапта атын жазып келет. Клуб быйыл Азия футбол конфедерациясынын Кубогунда күчүн сынамакчы.
Кошумчалай кетсек, Бернхардт акыркы сезонду Таиланддын Биринчи Лигасында ойногон "Прачуап" клубунун курамында өткөрдү. Футболчу анда 18 беттеш өткөрүп, 1 гол киргизген.