Ош облусунун Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Кыштак айылында экстремизмдин алдын алуу жана терс көрүнүштөрдү болтурбоо боюнча жыйын болуп өттү. Жыйынга Ош облусунун казысы Самидин кары Атабаев, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын түштүк аймактык бөлүмүнүн өкүлү, Кара-Суу райондук милициясынын өкүлү, Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары жана жергиликтүү активисттер катышышты. Бул тууралуу Ош облустук мусулмандар казыятынын маалымат кызматы билдирди.
Жыйында Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын түштүк аймактык бөлүмүнүн башчысы Исакбай Мурзабеков сөз сүйлөп, Сирияга адашып барып калгандардын өкүнүчтөрү тууралуу айтып берди. Ошондой эле Сирияга кетип жаткандардын көпчүлүгү аң-сезими төмөн, динден түшүнүгү жок, жашоодон өз ордун жоготкон сабатсыз жарандар болуп, акча азгырыгына дуушар болуп жаткандыгын билдирди. Бул маселеде коомчулук бири-бирине жардам берип, эл арасында жана мечитте жамааттарга имамдар аркылуу туура түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарылдыгына токтолду. Ал эми облус казысы Самидин кары Атабаев терс көрүнүштөрдүн алдын алууда исламдын орду боюнча сөз сүйлөп, бул жаатта айыл өкмөттүн бардык имамдарына жергиликтүү бийликке эриш-аркак болуп идеологиялык багытта туура маалыматтарды коомчулукка жеткирүүдө талыкпай эмгектенүүгө чакырды. Жыйынтыгында катышуучулардын суроолоруна жооптор айтылып, бийлик өкүлдөрү менен дин кызматкерлерине тиешелүү тапшырмалар берилди.