Мэрияда унаа токтотуучу жайлардын санын көбөйтүү маселеси каралды

Бүгүн, 19-январда Бишкек шаарынын мэриясында Кубанычбек Кулматов "Сорос-Кыргызстан" фондунун аткаруучу директору Шамил Ибрагимов менен жолукту. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө борбор калаанын коомдук мейкиндигинин колдонулушу, жолдорду башкаруу кызматтарын жакшыртуу, шаар боюнча социалдык объекттерди өнүктүрүү, унаа токтотуучу жайлардын санын көбөйтүү жана шаардын экология саясаты тууралуу сөз болду. Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча III Урбан форумду уюштуруу иштерине өзгөчө көңүл буруу чечими чыгарылды. Аталган форумда буга чейин жазылган маселелер талкууланып, аларды чечүүгө конкреттүү сунуштар айтылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан