Бийик тоолуу шартта жашап жана иштеп жаткан жарандарга төлөнүүчү коэффициенттердин төмөндөшү боюнча талкуу болду

Бүгүн, 2016-жылдын 19-январында өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн жыйындар залында «Бийик тоолуу аймактарда жана шарты катаал алыскы аймактарда жашап, иштеп жаткан жарандарга мамлекеттик кепилдиктер жана компенсацияларды берүү жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндөгү мыйзам долбоору коомдук талкууга алынды. Бул тууралуу КРнын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн маалымат катчысы билдирди.

Талкууга КРнын Социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Зуурабүбү Каденова, өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов, Социалдык өнүктүрүү министрлигинин бөлүм башчысы Нина Миловацкая, Транспорт жана коммуникация министрлигинин алдындагы Жол чарба департаментинин башчысынын орун басары Нурлан Кайыпов, райондордун акимдери, орун басарлары, мекеме жетекчилери, коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Коомдук талкууну алып барган А.Кайыпов акыркы мезгилде эл арасында бийик тоолуу шартта жашап жана иштеп жаткан жарандарга төлөнүүчү коэффициенттердин төмөндөшү боюнча кеп чыгып, түшүнбөстүктөр жаралып жатканын белгиледи.

"Аталган мыйзамга толуктоо жана өзгөртүү киргизүү боюнча 2015-жылдын 27-ноябрында өкмөттүн токтому кабыл алынган. Ведомство аралык комиссия түзүлүп, ар бир аймакты иликтөө тапшырмасы менен республика боюнча 789 айыл, анын ичинен 68 чиелүү маселелер бар айылдар комиссия аркылуу каралды. Бир аймакта туруп, бирок бир айылдын жашоочуларына бийик толуу шартта жашагандыгы үчүн коэффициенттер төлөнүп берилген болсо, экинчи айылына төлөнбөй калган учурлар кездешкен. Мындай маселени кайра кароо көптөгөн жарандарыбыздын кайрылууларынын негизинде келип чыккан",- дейт Зуурабүбү Каденова.

Ар тармактын өкүлдөрүнөн турган катышуучулар бул маалыматтарга ишенбей тургандыктарын айтып, бир катар жүйөлүү суроолорун узатышты. Катышуучулар мыйзам долбоорун жакшылап карап чыгууну жана эл тарабынан айтылган сунуштар протоколго так, туура көрсөтүлүп, жогорку бийлик өкүлдөрүнө билдирүүнү суранышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Rifle_2
2016-01-19 20:01:13
Хана болот бул маселе оңунан чечилбесе. Бүгүн Атбашыда да нааразычылык чогулуш болду. Элде нааразы болгондор аябай көп. Жеп салайын деди келгендерди. Мен сүйлөй албай калдым, мага депозит дагы эле берилген жок. Келгениме 5 ай болду.
+3
dav312
2016-01-19 20:42:19
Окмотогулор бюджетин тешиктерин жаба албай тигиге сайылып буга сайылып отуруп эми бийик тоолу жерде жашагандарга сайылдыбы издесе башка жактан издесин мисалы депуттаттардынт айлык акысын кайрадан карап чыгуу менен тешиктерди бутосо болот
0
mts0001
2016-01-19 21:43:37
120нын 60н агытып жиберсе 60ы деле жетмек 6 млн калкка
+1
NARYNGRAD
2016-01-19 21:57:19
Аталган женилдиктерди ала турган болсо анда Нарын облусунун эли жөн койбойт, азыр эле коомдук-саясий абал курч бойдон турууда. Бир нерсени кылаарда терен ойлонушса жакшы болоор эле, калк көтөрүлүп кетиши мүмкүн.
0
rafo80
2016-01-20 02:53:39
Ушул законду М.Султанов киргизген эле,эми ал жок алып салгылары келип жатыптыр да. Эгер алса Алайлыктар да жон турбайт
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан