Ысык-Көл. Илбирсти аткан Каралаев Жайыт колдонуучулар бирикмесинин башчысы болгон

Ак-Сууда илбирсти аткан жаран Жайыт колдонуучулар бирикмесинин башчысы болгон. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Экологиялык коопсуздук башкармалыгынын башкы инспектору Талант Иманкулов билдирди.

"Ысык-Көл облусуна караштуу Ак-Суу районундагы Теплоключенка айылынын тургуну Аскарбек Каралаев 1967-жылы туулган. 2010-жылдан бери аталган айылдын Жайыт колдонуучулар бирикмесинин башчысы болуп иштеп келген. 16-январда 22:00 чамасында Ак-Суу РИИБи тарабынан кармалган. Анын Нива үлгүсүндөгү автоунаасынан болжол менен 1,5 жаштагы илбирстин териси жана башы табылган. Каралаевге Кылмыш кодексинин 278-беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, Ак-Суу РИИБи ишти тергеп жатат. Өкмөттүн 2013-жылдын 3-майында чыгарылган токтомунун негизинде 500 миң сом айып салынат. Ал эми биз эксперт катары чакырылабыз",- дейт Иманкулов.

Эскерте кетсек, Каралаев кечээ кечинде үй камагына чыгарылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (17)
Patriot...kg
2016-01-19 18:26:20
Акмак камаш керек болчу
+6
isnur93
2016-01-20 20:16:16
Patriot...kg,карапайым адам болсо сразу 20,30жылга кетсе керекле.акчанын кучуго.
0
Ago
2016-01-19 18:32:17
Кармалгандан бошогону тезго ыя
+5
Rifle_2
2016-01-19 19:50:43
Ago,стандарттык эреже. Биринчи үй камагына чыгарылат. Кийин соту башталганда ооруп калат да, соту жылдырыла берет. Акырына келгенде унутуп калабыз. Жаңы бирөөнү кармап, үй камагына чыгарганда адаксып кетебиз ошого.
+11
sarbo
2016-01-19 18:34:12
карышкырга кой кайтартыпсынарда
+6
MuslimNur95
2016-01-19 19:20:46
Ким айтып атты эле бир байкуш дер?
+2
temirov76
2016-01-19 19:46:26
Ошол 500мин сом алынабы эми же 5мин сом берип кутулуп кетеби?
+5
meky85
2016-01-19 20:44:44
Чоочун киши барбайт андайларга баары эле ошол жакта иштегендер барат атат суротко тушот
+4
ediko85
2016-01-19 21:12:54
Мына сагаа мен адашып жазган экем даа бир байкуш деп бул андай эмес турбайбы уйкамагына чыктыы эми илбирсти бул аткан болбойт илбирс озу олуп калган болот анан бул жолдон таап терисин сыйрыган болот (((комиссия кетти изилдегени(((
+4
Rifle_2
2016-01-20 02:48:24
Ооруп калып, сот жылдырылып жүрүп унутулуп кетбейби ?
+1
elmurat.kg
2016-01-19 21:19:15
Суудан курук чыгыптырго.
+5
bolotbai3
2016-01-19 21:32:22
Ушундайда Бир бол(ак илбирс)партиясынын лидери Алтынбек Сулайманов агабыз эмне кылып олтурат?Партиясынын эмблемасынын атып кетсе да.
+5
Danel
2016-01-19 21:45:07
500 мин эмес, 1 млн айып акча токсода арзыбайт эми! Жоголуп бара жаткан, сейрек кездешуучу жаныбарыбызды, арзыбаган терисин акчасы учун атканыбыз туура эмес! Илбирс 3 жылда бирди же экини тууйт. Эгер ургачысын же доотун атып салса, тируу калганы омуру откучокту жалгыз отот экен, демек эки Илбирсти аткан менен барабар! Жалько жаныбар ай!!!
+8
Danel
2016-01-19 21:53:11
Озу биздин тоолорго видео наблюденияны бекер койушту. Оа башка мамлекеттерде тоолорго камера коюшуп, эгер жаныбарга жардам керек болсо жардам беришет. А бизди кайра ошол видео камерадан корушуп, во мына жерде Илбирс журу деп чыгып атып алышат. Эми аюуу, тоо теке, элик кийик аркар баарын камерадан коруп кырып салышат. (((
+12
behappy74
2016-01-19 22:32:26
Беш мин сом эмне. Бир тируу илбирстин баасына тете айып салып, анан камаш керек эле мындай акмакты.
+4
medetbek
2016-01-20 00:55:21
5000 сом аз го 50000 сом кылыш керек эле да 5000 момду берип туруп тээрсин эле 15-20 минге сатып атпайбы булар.
-2
AiBoru
2016-01-20 01:06:04
medetbek,5000 эмес, 500мин сом дейт.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан