13-январдан баштап 19-январга чейин Казакстандын Алматы шаарында окуучулар арасында математика, информатика жана физика сабактары боюнча XII Эл аралык Жаутык олимпиадасы болуп өттү. Бул тууралуу "Себат" лицейинин математика мугалими Абдулхади Узаков SUPER.KG порталына билдирди.
Кыргыз Республикасынан жалпысынан 7 окуучу барган. Тапшырмалардын жыйынтыктары боюнча
10-класстын окуучулары Амангелди Жусубалиев информатика сабагынан 2-орунду ээлеп күмүш медаль менен сыйланса, Азисбек уулу Саадинур математика сабагы боюнча 3-орунду алып, коло медалга ээ болду.
"Информатика боюнча да, математика боюнча да катышуучулардын саны 100дөн ашты. Бул эки окуучу 8-класстан баштап даярданып келишет, кошумча сабактарга барышат. Буга чейин республикалык олимпиадаларга катышып келишкен",- дейт Абдулхади Узаков.
"Мындай чоң деңгээлдеги олимпиадага алгачкы жолу катыштык. Жеңишибизге ата-энелерибиз кубанышты, бизде толкундануу болгон деле жок. Албетте, мындан ары да олимпиадаларга барып, мыкты ийгиликтерге жетишүүгө аракеттенбиз",- деп кошумчалашты окуучулар.
Бул олимпиада 2005-жылдын январь айынан тартып 13 мамлекеттин арасында өтүп келет. Негизги максаты – физика жана математика илимдерин пропаганда кылуу, эл аралык мамилелерди өнүктүрүү жана ар кайсы мамлекеттердеги мектептер арасындагы достукту чыңдоо.