Кыргыз окуучулары "The World Scholar’s Cup" дебат мелдештеринде 5 алтын жана 6 коло медалга ээ болушту

2016-жылдын 9-10-январында Түркиянын Измир шаарында “The World Scholar’s Cup” дебат мелдештери болуп өттү. Бул тууралуу "Себат" лицейинин англис тили боюнча мугалими Эрмек Эсеналиев SUPER.KG порталына кабарлады.

"Бул таймашка дүйнөнүн 80 өлкөсүнөн окуучулар катышты. Өлкөбүздүн атынан Темирлан Койчукеев, Азим Муканбетов жана Санжар Ражапов барган. Бардык сынактардын жыйынтыгы боюнча окуучулар дебаттык мелдештин кубогуна ээ болуп, 5 алтын жана 6 коло медаль менен сыйланышып, Таиландда өтө турган финалдык турга жолдомо алышты. Жыл сайын дебаттын темалары интернетке жарыяланат. Мунусунда декабрь айында жарыялангандыктан, 1 ай гана даярдандык",- дейт Эрмек Эсеналиев.

Дебат англис тилинде болгондуктан, ага катышууга окуучулардын арасынан англис тилинде эркин сүйлөп, ой жүгүртүүсү кенен балдар тандалган. Талкууга алынчу темалар акыркы 50 жылдагы маданий, саясий, экологиялык окуяларга байланыштуу болот. Февраль айынын аягында Прагага барууну пландап жатышканын жана орто мектептердин балдары үчүн мамлекетибизде дебат уюштуруу иштери болуп жатканын кошумчалады Эрмек Эсеналиев.

Дебаттык мелдештин максаты окуучуларды интеллектуалдык билимге жана лидерлик сапатка кызыктыруу, ошондой эле улуттар жана маданияттар аралык позитивдүү коммуникацияны өнүктүрүүгө багытталган.

“The World Scholar’s Cup” дебат мелдеши 2008-жылдан баштап 52 мамлекетте өткөрүлүп келет. Таймаш 3 бөлүктөн турат: биринчи тур, финал жана суперфинал. Финалга дүйнөнүн эң мыкты 300 командасы катышышат. Финалдын жыйынтыгы боюнча 100 команда АКШдагы Йель колледжинде боло турган суперфиналга жолдомо алат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Turabay
2016-01-20 12:17:34
Азаматсынар балдар!Алга Себат!Алга Кыргызстан!
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан