Зым карагайларга жарыя чаптагандарга чара көрүү иштерин жөнгө салуу тапшырмасы берилди

Бишкек мэриясында 19-январда Кубанычбек Кулматовдун жетекчилиги менен чогулуш болду. Чогулушка вице-мэр, райондук администрациялардын башчылары жана түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилери катышып, борбор калаанын четиндеги турак жайларды газ менен камсыздоо, кыш мезгилиндеги коммуналдык кызматтардын иштөө тартиби, ошондой эле Санитардык-экологиялык инспекциянын ишин күчөтүү тууралуу маселелер каралды.

Чогулуштун жыйынтыгында "Тазалык" муниципалдык ишканасына таштандыны жакшылап тазалоо, Санитардык-экологиялык инспекциясына зым карагайларга жарыя чаптагандарга чара көрүү иштерин жөнгө салуу, социалдык-маданий имараттарын ар бир турак райондорго куруу тапшырмасы берилди.

Акырында мэр 2016-жылдын аягына чейин шаардын музыкалык мектептеринде оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүү, жаңыларын куруу, жер төлө жайларында орун алган мектептерди көчүрүү талабын койду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
AlbertEnshtein
2016-01-20 17:03:52
Ошол жарыядагы тел номерге чалып туруп, жолугууну суйлошуп эле карпам штраф салсын.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан