Кечээ, 19-январда футбол боюнча "Шериктештик Кубогу-2016" мелдешинин тайпалык баскычында 2-тур оюндары өттү. Бул күнү 22 жашка чейинки курактагы кыргыз футболчулары Молдова менен беттешип, 2:0 эсебинде утулуп калышты. Бул жеңилүү менен футболчуларыбыз мелдештин финалына чыгуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырап калышты, бирок 3-орунду ээлегенге толук мүмкүнчүлүк бар.
Команданын башкы машыктыруучусу Мирлан Эшенов бул беттештен кийин оюн тууралуу оюн айтты:
"Ооба, биз бүгүн утулдук, бирок мелдеш али жыйынтыктала элек. Молдованын командасы күчтүү, азыркы учурда мелдештеги чемпиондукка талапкерлердин бири. Команда иреттүү, айрым учурда орой оюн көрсөттү. Оюнчулардын жеңишке суусап турганы байкалды. Биз топко ээлик кыла алган жокпуз. Биздин оюнчулар көп ката кетиришти. Муну айтып отуруунун кажети жок, кийинки оюнга даярданабыз".