АЛТЫН, КҮМҮШ МЕДАЛДАР МЕНЕН КОШТОШТУК! МАКСАТЫБЫЗ - КОЛО!
"Шериктештик Кубогу-2016" мелдешине быйыл 8 команда гана катышууда. Командалар төрт-төрттөн 2 тайпага бөлүнүп, өз ара оюн өткөрүп жатышат. Тайпада эң көп упай топтоп 1-орунду ээлеген команда финалга чыгат жана чемпиондук үчүн күрөшөт. Ал эми тайпада 2-орунду ээлеген командалар коло медаль үчүн оюн өткөрүшмөкчү.
"А" тайпасында Молдова 6 упай топтоп, кыргыз футболчуларынын финалга чыгуусуна бөгөт койду. Демек, футболчуларыбыз тайпадагы акыркы беттеште казак футболчуларын утуп, мелдештин коло медалы үчүн күрөшүүгө тийиш.
"В" тайпасында Эстония жана Орусия курамаларынын ортосунда кызуу атаандаштык жүрүп жатат. Алгачкы эки беттешин утуп алган бул эки команда акыркы турда өз ара ойноп, финалдык жолдомонун ээсин аныкташат. Кыргыз футболчулары тайпадан экинчи болуп чыкса, коло медаль үчүн дал ушул эки команданын бири менен ойношот.
Назарыңыздарга 2-турда катталган жыйынтыктарды, мелдеш жадыбалын жана 3-тур оюндарынын тизмесин койдук.
МОЛДОВА - КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ - 2:0
КАЗАКСТАН - БЕЛАРУСЬ - 0:0
ОРУСИЯ - ЛАТВИЯ - 2:1
ТАЖИКСТАН - ЭСТОНИЯ - 1:4
3-тур оюндары 21-январда орун алат
"А" тайпасы
Беларусь - Молдова
Кыргыз Республикасы - Казакстан
"В" тайпасы
Латвия - Тажикстан
Эстония - Орусия