Борбор калаада бир катар алдамчылык фактыларынын бети ачылды. Бул тууралуу 20-январда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка караганда, милицияга 24 жаштагы К.Чыңгыз аттуу жаран кайрылган. Ал 2015-жылдын август айында Муратбек аттуу чала таанышы 5 миң доллар алган боюнча дайынсыз кеткенин билдирген. Биринчи Май РИИБинин кызматкерлери тарабынан алдамчылыкка шектелип 53 жаштагы Сокулук районунун С.Муратбек аттуу тургуну кармалды.
Мындан сырткары укук коргоо органдарына Ош шаарынын 26 жаштагы тургуну Ш.Акылбек кайрылган. Ал Айбек аттуу чала таанышы АКШга виза ачып берүүнү убадалап 500 доллар алып, качып кеткенин айткан. Фактыга шектелип 37 жаштагы Б.Айбек колго түшүрүлдү.