Биз социалдык тармакта

Нарын. Эркин күрөш боюнча өкмөттүн өкүлүнүн кубогуна Нарын шаарынын командасы ээ болду

Нарын райондук балдар спорт мектебинде эркин күрөш боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн кубогу үчүн 2 күндүк мелдеш болуп өттү. Мелдешке 11 жаштан 16  жашка чейинки кыз-уландар катышышты. Жалпы катышуучу балбандардын саны 286 жана алардын ичинен 29у кыздар. Мелдештин жыйынтыгы командалык болуп чыгарылып, кубокту Нарын шаары жеңип алды. Ошондой эле 2-орунду Нарын району, 3-орунду Ак-Талаа районунун “Тайлак” спорт клубу ээледи. Ал эми 1-орунду ээлеген 13 улан 13 түстүү сыналгы, 2-орунду алган чоңураак салмактагы балдарга DVD-ойноткуч жана төмөнкү салмактагы балдарга спорттук бут кийимдер, 3-орунду камсыз кылган 26 бала спорттук сумкалар менен сыйланышты. Кыздардан алтоо 1-орунду камсыз кылып 2 сыналгы, 4 DVD-ойноткуч, 2-орунду алган 6 кыз  DVD жана 3-орунду 12 кыз камсыз кылып спорттук сумкаларды белекке алышты.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан