Бүгүн, 21-январда футбол боюнча "Шериктештик Кубогу-2016" мелдешинин тайпалык баскычында жыйынтыктоочу тур ойнолот. Тактап айтканда, 3-тур оюндары орун алып, чемпиондук үчүн жана коло медаль үчүн күрөшө турган командалар аныкталмакчы.
Бул күнү "А" тайпасында 22 жашка чейинки курактагы кыргыз футболчулары Казакстандын жаш футболчуларына каршы турушат.
3-тур (убакыт Бишкек сааты боюнча көрсөтүлдү):
"А" тайпасы
15:00. Беларусь – Молдова
17:15. Кыргыз Республикасы - Казакстан
"В" тайпасы
19:30. Латвия – Тажикстан
22:00. Эстония – Орусия
Кошумчалай кетсек, эки тайпада 1-орунду ээлеген командалар өз ара финалдык беттеште кез келишет. Тайпаларда упай катыштыгында 2-орунду багынткан командалар 3-орун үчүн оюн өткөрүшмөкчү.
Азырынча мелдеш жадыбалында абал төмөнкүдөй: