Сокулук районундагы үйлөрдүн биринен адамдын күйгөн сөөгү табылды. Бул тууралуу бүгүн, 21-январда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, окуя Сокулук районуна караштуу Жаңы-Жер айылында болгон. Анда үйлөрдүн биринен сыналгы, диван, терезе, 20 чарчы метр ДВП шыбы күйүп кеткен. Өрт чыккан үйдөн 36 жаштагы
А.Яковленконун күйгөн денеси табылган. Өрттүн келип чыгуусуна тамеки тартуудагы этиятсыздык себеп болгон.