Өткөн сутка ичинде өлкө аймагында 10 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 10 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган. Бул тууралуу бүгүн, 21-январда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 3, Чүй облусунда 2, Нарын облусунда 1, Жалал-Абад облусунда 2, Ош облусунда 2 өрт кырсыгы катталды.
Ноокен районуна караштуу Шайдан айыл өкмөтүндөгү үйлөрдүн биринен өрт чыкты. Анда аянты 39 чарчы метр, жыгач устундуу, шифер жабылган сарайдын чатыры, 7 тонна эндей беде толугу менен күйүп кеткен. Өрттүн келип чыгуусуна үй ээсинин 5 жаштагы баласынын от менен ойногону себеп болгон.