Нарын облусунда жол кырсыгы катталып, мас абалдагы айдоочу жаракат алды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, жол кырсыгы Жумгал-Кочкор унаа жолунун 35-чакырымында болгон. Анда Москвич-2141 үлгүсүндөгү унаанын мас абалдагы айдоочусу жолдон чыгып кеткен. Натыйжада ал жеңил жаракат алып (бети сыйрылган), жол кырсыгы болгон жерге барган куткаруучулар биринчи медициналык жардам көрсөтүштү.