Бүргөндү айылынын тургундары Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары менен газ уурдагандардын үйлөрүнө барып газдарын жабышканын бүгүн, 21-январда КР Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн уюштуруу-инспектордук иштер жана көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Алимбек Матмуратов SUPER.KG порталына билдирди.
"Ак-Турпак айыл өкмөтүнө караштуу Бүргөндү айылында митинг болгон эмес. Бул видеодогу окуя 2015-жылы 22-декабрда болгон. Анда айылдын тургундары Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн орун басары менен биргеликте мыйзамсыз улап газ уурдап, аки таш күйгүзгөн Жаңы-Жер айылынын тургундары
З.Саматова жана А.Тажибаевдин үйлөрүнө барып газдарын жабышкан. Бүгүнкү күндө айылда коомдук-саясий абал тынч",- дейт Алимбек Матмуратов.
Эскерте кетсек, кечээ окурман SUPER.KG порталына Viber аркылуу Бүргөндү айылында газ уурдап, аки таш күйгүзгөндөрдү тургундар айыл өкмөтү жана айыл аксакалдары менен биргеликте кармашканын маалымдаган эле.