Бүгүн, 21-январда Бишкек шаардык сотунда А.Келдибековдун иши боюнча соттук отурум башталды. Сотко күбө катары Жогорку Кеңештин азыркы депутаты Дастан Бекешев чакырылды.
"Москвадагы Жогорку Кеңештин өкүлчүлүгүнүн ачылышы боюнча отурум жабык өткөнү эсимде. Бардык нерсе эсимде жок. Биз кол көтөрүү менен добуш бергенбиз. Баса белгилеп айта турган нерсе, эч ким анда каршылыгын көрсөткөн эмес. Мен да анда өкүлчүлүктүн ачылышын колдогом. Ал ким тараптан демилгеленгени деле азыр эсимде жок, себеби арадан 5 жыл убакыт өтүп кетти. Добуш берүү процесси тез убакыт аралыгында болгонун так айта алам. Токтомдун долбоорун өзүм окуган эмесмин. Президенттин аппаратынын жана парламенттин өкүлдөрү да каршылыгын көрсөткөн эмес", - деди Д.Бекешев.
Анын айтымында, Москвадагы ЖКнын өкүлчүлүгүнүн ачылышы боюнча эч кандай жыйынтык чыккан эмес. Көп пикир келишпестиктер болгон, ал жакка жумушчулар да туура эмес алынгандыгы көп талкууланган.