19-январда саат 19:30 чамасында Жайыл районунда жол кырсыгынан жөө жүрүүчү каза болду. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, окуя Кара-Балта - Степное унаа жолунун 21-чакырымында болгон. Анда жол эрежелерин одоно бузган айдоочу жөө жүрүүчүнү сүзгөн. Жабырлануучу 1967-жылы туулган М.Алмаз алган жаракатынан кырсык болгон жерден жан берген. Анын денеси экспертиза жүргүзүү үчүн райондук өлүкканага жеткирилген.
Окуя болгон жерден качып кеткен айдоочуну кармоо үчүн облус аймагында ыкчам иш-аракеттер жүргүзүлгөн. Кечээ, 20-январда Жайыл райондук жол-кайгуул кызматы тарабынан айдоочу, 1972-жылы туулган Б.Э.О. кармалды. Унаа айып жайга токтотулуп, иликтөө иштери жүрүүдө.