Бүгүн Бишкекте 785 литрден ашык мыйзамсыз алкоголь жок кылынды (фото)

Соттун чечими менен бүгүн Бишкекте 785тен ашык литр мыйзамсыз алкоголь Мамлекеттик салык кызматы тарабынан жок кылынды.

"Мындай рейддер ар дайым болуп турат. 2015-жылы 772 субъект текшерилген, анын ичинен 190у мыйзамсыз деп табылып, 27синин иши Каржы полициясына берилип, 17сине иш козголгон. Мындай рейддер жакшы натыйжа берип, мыйзам бузгандарга тиешелүү чаралар колдонулуп жатат. Бүгүн 785,7 литр жок кылынууда, бул 2014-жылы мыйзамсыз деп алынган алкоголдук ичимдиктер гана",- дейт Бишкек шаардык алкоголдук рынокту көзөмөлдөө башкармалыгынын орун басары Айгүл Закирова.

Салык кызматынын адисинин маалыматына ылайык, Кыргыз Республикасында көбүнчө арак жана коньяктарды жасалмалашат. Ал эми мыйзам бузган субъекттерге тиешелүү жазаны сот чыгарат. Мыйзамсыз алкоголь шаардын борбордук канализациясына төгүлдү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
zhykyo
2016-01-21 13:39:00
Устун жакшылап жаап кеткиле бироо жарым ошо жерден ичем депчи канализацияданчы ичип алып чыгалбай калбасын
+3
AshatMJ89
2016-01-21 14:05:36
Ошону жок кылгыча арзан болсо да сатышып, тушкон акчаны бюджетке беришпейби дейм да
+1
mashirapova
2016-01-21 14:28:52
AshatMJ89,бюджетке тушкону менен бир чондун чонтогуно тушот жакшы кылыптыр тогуп салып элди бузбай
0
kobra86
2016-01-21 16:16:49
бюджетке арам акчанын кереги жокко дейм
0
Inna_91
2016-01-21 23:43:36
Жакшы иш кылыптыр
0
Erkin.89
2016-01-22 01:16:30
Бакалашкадагы наша пивонуда текшерсинчи откондо бир магазинден алып ачып атып карасак мусурдан тапкан бакалашкага ичинда жууп койбой куйуп бекитиптир.Аны алып барып экинчисин алып кунго карасак анын ичида пыр коп экен арзаныраак деп кобубуз ошону алып ичебиз анан ким билет эмне болуп атканын..
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан