Өзгөндө массалык мушташ катталып, андан 5 күн өткөндөн кийин окуя болгон жерден бойго жеткен жигиттин даракка асылган жансыз денеси табылды

Өзгөн районунда массалык мушташ катталып, андан 5 күн өткөндөн кийин окуя болгон жерден бойго жеткен жигиттин даракка асылган жансыз денеси табылды. Бул тууралуу SUPER.KG'ге 21-январда Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңиш Ашырбаев билдирди. Ашырбаев баланын өлүмүнүн массалык мушташка тиешеси жок экенин айтты. Мушташ 9-январда Шералы айылында болгон.

"Асынып өлгөн бала Дөң-Булак айылынын тургуну болуп чыкты. Баланын сөөгү мушташ болгон жайдан табылгандыгы үчүн анын ата-энеси эки окуяны байланыштырып жатышат. Баланын денесинен эч кандай көгөргөн белги байкалган жок. Моюнуна жиптин изи гана түшүп калган. Сөөгүн тиешелүү экспертизага жөнөттүк. Ал жерден жыйынтык чыгарса, анан белгилүү болот. Кылмыш иши ачылган жок",- дейт Жеңишбек Ашырбаев.

Ал эми массалык мушташ жол талашуудан келип чыккан. "Карама-каршы келе жаткан Хонда Аккорд үлгүсүндөгү унаа менен жүк ташуучу Портер унаасынын айдоочулары жол талаша кетишкен. Хонда унаасындагы балдар артка бурулуп келип Портерди токтотуп, анын ичиндегилерди сабоого өтүшкөн. Токмок жегенине арданып калган балдар алыс эмес жердеги досторун чогултуп, кайра келип каршылаштарын сабап, жанындагы буюмдарын (акча, телефон) тартып алышкан. Жабырланган тарап милиция кызматкерлерине арыз менен кайрылган. Мушташ уюштургандарга үч берене боюнча кылмыш иштери ачылып, тергөө жүрүп жатат",- деди Ашырбаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (17)
Musabaeva
2016-01-21 13:28:59
Жаткан жери жайлуу болсун!
+9
saparali96
2016-01-21 14:14:40
Кайран кыргыз ай кайран кыргыз
+8
jaka92
2016-01-21 15:13:59
Бул менин классташым болчу да. Жаткан жери жайлуу болсун. Жакшы бала болчу.
+8
Medina87
2016-01-21 15:23:08
Жаткан жери жайлуу болсун.
+2
bek040295
2016-01-21 16:08:54
Хонда унаасындагы балдар артка бурулуп келип Портерди токтотуп, анын ичиндегилерди сабоого өтүшкөн. дейт оздору баштап оздору заява жазганы эркектин иши болбой калыптырда
+11
Uli6886
2016-01-22 10:12:14
bek040295, Сага кошулам 100%
+1
_adil_
2016-01-21 16:16:33
Оздору баштап мушташты кайра сасыгандарын кара. Аман эле болушсун, азыркы заманда бироону сабап кереги жок
+6
Inna_91
2016-01-21 19:26:17
Жаткан жери жайлуу болсун кудайм озун колдо
0
ZAIYR
2016-01-21 19:32:03
Жаткан жери жайлуу болсун!


Бул жерде башка версия айтылып жатат, кандай тушунсо болот? Журналист адашып жазган окшойт. Мисалы: мушташ Шералыда болсо, маркум жигит Дон булакта (пивзавод) дун жанында дарака асыныптыр. Ошондо Шералы менен Дон булактын аралыгы 10 км дан ашык.

Ушул жери саал окшошпой калды.

+2
jooshbala
2016-01-21 20:25:25
Жака 92 каерден болосун сен?
0
jaka92
2016-01-21 23:57:50
jooshbala,ыссык кол
0
Temir.WwwKG86
2016-01-21 20:27:17
Журналист эмес Аширбаев Женишбек деген мырза адашты адашса, бут бары кыйшосуз оз жазаларын алсын мыйзам чегинде,козу откон жигит ыйманы Саламат болсун.
0
Moskva.kg
2016-01-21 20:37:28
Бул заманда бироого эмес озуно ишениш кыйын болуп калды ар ким ар нерсени айтышыптыр баш катырма бул нерсени бир гана жалгыз аллах билет
0
boika85kg
2016-01-21 23:33:43
Аллах сабыр берсин жакындарына ото окунучтуу
+1
GertsaG
2016-01-21 23:43:16
Dagy okshotup jatyshat da lapshalar menen
+1
BakytAliev
2016-01-22 00:05:57
бироо келип чапса кечирип коюн колунузду сузуп алдым дейм
0
Nendi15
2016-01-23 19:42:39
Аллах бар!Куноолуулор жазасыз калышпайт...Жаткан жери жаннаттан болсун
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан