Рулду башкара албай даракты сүзүп алган айдоочу Кант шаарындагы ооруканада оор абалда жатат, кырсыктан эки адам каза болду

Рулду башкара албай даракты сүзүп алган айдоочу Кант шаарындагы оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилди. Бул тууралуу 21-январда Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, кырсык 19-январда саат 17:20 чамасында Новопокровка-Чоң-Далы унаа жолунда болгон. Анда 1983-жылы туулган К.Сергей аттуу айдоочу Ауди-А6 унаасын айдап бара жатып рулду башкара албай даракты сүзгөн. Кырсыктан эки жүргүнчү: 36 жаштагы Т.Николай менен 32 жаштагы С.Александр ошол жерден мерт болушкан. Ал эми айдоочу оор абалда Кант шаарындагы оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген. Унаа айып жайга токтотулуп, иликтөө иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
elchi84
2016-01-21 14:59:18
Кыргызстанда жол кырсыгынан эле адам коп олуп жатат
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан