Бишкек-Торугарт жолунда БМВ-520 унаасынын айдоочусу 6 жаштагы жөө жүрүүчүнү сүзүп, жабырлануучу мерт болду

Бишкек-Торугарт унаа жолундагы кырсыктан бир адам каза тапты. Бул тууралуу 21-январда Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, кырсык 19-январда саат 19:00 чамасында болгон. Анда БМВ-520 унаасын айдап бараткан 56 жаштагы А.Жаныбек жолду кесип өтүүгө аракет кылган жөө жүрүүчүнү сүзүп алган. Кырсыктан 2008-жылы туулган Ж.Эржан окуя болгон жерден көз жумду. Факт боюнча экспертиза дайындалып, иликтөө иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Parish
2016-01-21 13:59:11
Жоо журучулор да жолду карап
абайлашы керек да.
Жайы жаннатта болсун.
+6
Medina87
2016-01-21 14:11:09
Каш карайганда эшикке чыкпа деп ата-энелерибиз урушчу эле биз бала кезде. Кырсык. Жаш жеткинчектин жаткан жери жайлуу болсун, жакындарына сабыр берсин.
+2
Oke
2016-01-21 14:26:36
Он рулдуу БМВ экен десе да тан калбаш керек...
+4
maks83
2016-01-21 16:01:14
акырын айдасак жакшы болот эле.
0
Moskva.kg
2016-01-21 20:31:35
Байкуш 8 жашар бала экен жаман болуптур бмв нын айдоочусу да каттуу ылдамдыкта жургондур да ата-энесине сабыр
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан