Былтыр "Керемет суу" пансионатындагы жаңжалдан каза болгон баланын туугандары менен жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жолугушарын жазганбыз. Маркумдун туугандары менен жолугушууга акимчилик өкүлү, губернатордун орун басары жана облустун прокурору келди. Анда нааразылыкка чыккандардын талаптары угулуп, тиешелүү чечимдер чыгарылганын Ысык-Көл райондук ички иштер башкармалыгынын башчысынын орун басары Эрик Абдылдаев SUPER.KG порталына билдирди.
"Маркумдун туугандары Караколго чейин көрсөтмө бергенге баруу кыйынчылык жаратып жатканын айтышты. Мындан улам бул ишти изилдеген 2 тергөөчү Өрүктү айылына келип ишти улантышмай болушту. Ошондой эле "Керемет суу" пансионатынын ишин токтотуу талабын да коюшкан. Акимчилик тарабынан ал пансионат тергөө иштери бүткөнгө чейин жабылды. Бул иш боюнча 6 адам камакка алынып, тергөө иши жүрүп жатат. Көрсөтмө берген адамдар бул окуяга камакка алынгандардан тышкары да адамдардын катыштыгы бар экенин айтышкан. Эгер тергөө амалдарынын жүрүшүндө андай адамдар бар экени билинсе, тиешелүү чара көрүлөт",- деди Эрик Абдылдаев.