Спортчу Евгений Ваккер Япониянын Ошима шаарында өткөн веложарыш боюнча Азия чемпиондугунда 5-орунду ээледи. Мелдештин расмий сайты кабарлагандай, уландар арасындагы 44,8 чакырым аралыкты басып өтүүдө 14 спортчу күчүн сынаган. Ваккер аталган аралыкты 1 саат 32,36 секундада басып өтүп, гонконгдук жеңүүчүдөн 17 секунда артта калып калды.
Спортчу 24-январда 180 чакырым аралыкка топ менен жарышка түшөт.
Кошумчалай кетсек, Е.Ваккер буга чейин Азия чемпиондугун 4 ирет (2007-жылы, 2008-жылы, 2011-жылы, 2012-жылы) утуп, 2 ирет күмүш, 4 ирет коло медаль тагынган.