Санитардык-экологиялык инспекциянын кезектеги текшерүүсүндө Бишкектеги Осмонкул менен Жумабек көчөлөрүнүн кесилишинде курулуш фирмасы жер казуу иштерин уруксатсыз жүргүзүп жана шаарды көрктөндүрүү эрежелерин сактабаганы аныкталды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Санитардык-экологиялык инспекциянын инспектору тарабынан фирмага Кыргыз Республикасынын Административдик жоопкерчилиги тууралуу кодексинин 488-беренеси боюнча протокол түзүлүп, райондук административдик комиссияга кароого жөнөтүлдү. Маселе аталган инспекциянын көзөмөлүндө болору белгиленген.