Ошто "9 жаштагы балага сексуалдык мүнөздөгү зордук көрсөткөн" деп айыпталган мугалим психикалык жактан жабыркабагандыгы аныкталып, 15 жылга эркинен ажыратылды

Ош шаардык соту "9 жаштагы окуучусуна сексуалдык мүнөздөгү зордук көрсөткөн" деп айыпталган медресенин мурунку мугалимин 15 жылга эркинен ажыратты. Бул тууралуу бүгүн, 21-январда SUPER.KG порталына Ош шаардык сотунун судьясы Байымбет Осмонов билдирди.

"Айыпталуучу 3 жыл бою "психикалык жактан жабыркайт" деп аталып жүрдү, бирок экинчи ирет экспертиза жүргүзүү талап кылынган. Чым-Коргон айылындагы Психикалык ден соолук борбору тарабынан жүргүзүлгөн экспертизанын жайынтыгы боюнча айыпталуучунун акыл-эси соо экени аныкталган.

Ош облустук соту тарабынан айыпталуучу өзүнүн кылган кылмышы үчүн жаза тартууга жөндөмдүү деп табылып, иш кайрадан Ош шаардык ички иштер башкармалыгына жөнөтүлгөн. Шектүүнүн жактоочусу "айыпкер дарыланышы керек" деп Жогорку Сотко кайрылган.

2015-жылдын 25-декабрь күнү болгон соттук отурумда айыпталуучу күнөөлүү деп табылып, күчөтүлгөн режимде 15 жылга эркинен ажыратылды", - дейт Б.Осмонов.

Белгилүү болгондой, аталган кылмыш 2012-жылдын июнь айында болгон. Анда Оштогу медреселердин биринин мурунку мугалими Н.Калыбай уулу "жашы жете элек окуучусуна сексуалдык мүнөздөгү зордук көрсөткөн" деп айыпталган. Окуядан кийин мугалимдин колунда Кызыл-Жардагы Республикалык психиатриялык оорукананын берген психикалык жактан жабыркагандыгы тууралуу аныктамасы бар экени белгилүү болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
saparali96
2016-01-21 16:12:26
Молдонун айтканын кыл кылганын кылба деп ушуну айтатта
+3
gena_alai
2016-01-21 16:42:08
Омур бою эле камаш керек эле же бычып ташташ керек болчу акмакты !
+4
AiBoru
2016-01-21 16:49:52
Чала молдо дин бузат.
Эптеп куран окуганды уйронуп алып журсо керек да сабак беримиш болуп. Туура чечим чыгарыптыр
+2
kubat9284
2016-01-21 17:35:02
Турмодо эми энесинин тоюн корот.
+1
AlbertEnshtein
2016-01-21 18:11:23
kubat9284, мага жалган куноо жабышты деп, турмодо деле амалдуу болсо молдо болуп, акыл уйротуп отура бериши мумкун. Бизде намаз окуган адамды кудайга тенеп алышат го кее бирлер.
+1
orhidea
2016-01-21 17:37:00
Окуя 2012- жылы жайында болгон экен, уч жарым жылда аран тергелип буттубу ошондо?
+2
Ayida
2016-01-21 19:21:42
Билип билбей суйлобогуло.Сексуалдык зордук корсотту деп 15 жылга камаса. Буга чейин 5 жаш 6 жаштагы кыздарды зордуктап койгондорду эмне учун 15 жылга камалды дебейт?Бул курулай жалаа
-2
tursunbaev2004
2016-01-22 02:30:11
Ayida,сен жалаа экенин анык билсен сотко барып айтпадынбы бул жалаа деп?козун менен коргондой суйлойсунго
+1
Ayida
2016-01-21 19:25:07
Эми келип медреседе сабак берген адамды чала молдо дейсиздер.Сиздер ошол адам чалык Арабча а тамгасын билбесениздер керек.Анан жазат десе эле жаза бербей.Тилден чыккан ар бир созго жооп беретин кун келет.Ошондо аттин дешет адамдар.Курулай соз суйлобой зикр чалып Алланы эстесем болмок экен деп.
-4
bond0202
2016-01-22 07:08:27
Ayida,ал адамга чала молдо дегенсөз аздык кылат эгер түшүнсөн,адвокат да бербеш керек болчу даже
+1
Moskva.kg
2016-01-21 20:25:16
Шумдугун кургур
0
Inna_91
2016-01-21 23:38:20
Тооба кылалы адамдар эмне болуп калган.
0
tabyshmak
2016-01-22 09:31:06
Ооба, бул 15 жыл аздык кылат. Анткени, 15 жыл десе эле 15 жыл толук отурат экен деп эсептебеш керек. Анткени, бизде УДО деген балекет бар. А эмне медресенин мугалидери жумушка орношуп жатканда озу тууралу медициналык тактаманы тапшырбайт бекен тиешелуу жерге? Аябай эле кыйноо керек бул мугалимди. Башкаларга зикр чалууну эскертуудон мурда ошол жабыр тарткан баланын ордуна, анын ата-энесинин ордуна озунорду коюп коруунор керек. Ошондой тагдырга туш болгон адамдар зикр чалып отура бериш керекпи?
+1
makemake1979
2016-01-22 15:27:26
Экспертиза жинди экен десе кое беришмек беле на оборот кайра жакшы бир жинди азаят деп атып салышпайбы эми аны запкы коргон баланын атасы тологон налогдун эсебинен 15 жыл багат мына жашоо а баланы ким ойлойт
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан