Хирург бир эмчегин кесип салган Гүлзина Байтаева өзүнүн көйгөйүн Орусиянын телеканалдарына барып айтып берет

Хирург бир эмчегин кесип салган Гүлзина Байтаева өзүнүн көйгөйүн Орусиянын телеканалдарына барып айтып берет. Байтаева журналист Андрей Малаховдун “Пусть говорят” программасына чакырылганын 21-январда SUPER.KG'ге билдирди.

Хирург Зинаида Карабекованын шалаакылыгынан ушул абалга келгенин айтып берүү үчүн бейтап Малаховго кат менен кайрылган. "Мен кат жөнөткөндөн көп өтпөй редакциядан телефон чалышты. Күбөлөрдү, болгон далилдерди чогулта беришимди суранды. Кезегим келгенде өздөрү кабарлаарын айтышты",- деди Байтаева.

Эске салсак, 2014-жылы маммолог врач Зинаида Карабекованын жетекчилиги астында Гүлзина Байтаевага "сол эмчегинен рак болгон" деп операция жасалган. Кийин анализдин жыйынтыгында рак эмес, шишик экендиги тастыкталган. Жабырлануучу акыйкаттык издеп Башкы прокуратурага арыз менен кайрылган. Карабековага карата кылмыш иши ачылып, бирок белгисиз себептер менен жабылып калган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
Patirot
2016-01-21 15:50:49
Качан коргозот экен пусть говорятан
-1
tursunbaev2004
2016-01-22 02:16:40
Patirot,эртеге
-1
Shanson
2016-01-21 16:09:55
Негизи, "доктурду сотко берем" убара болбой эле коюу керек. Канча окуялар бар, башталат да аягы тым-тым болуп бүтөт. Же билесиңери соттолгон доктур бар экенин?.. Бар болсо да бир эч кими жок бир байкуш болсо керек.
+6
saparali96
2016-01-21 16:16:17
Андай сабатсыз врачтарды жоготуш керек
+10
edu.kg.
2016-01-21 16:39:42
"Пусть говорят" программасын байкап турабызго чыгып калаттыр эжэ.
+1
Sobr777
2016-01-21 18:58:23
Аны соттосон эле ордуна коюлуп калабы. Жок жерден элге таанылганча
+1
mashirapova
2016-01-21 19:05:33
Sobr777,эл танылса эмне болуптур эл да билсин врачтардык катасын врачтарда ойлонуп иш кылсын Адам омуру менен ойнобой
+6
Ayida
2016-01-21 19:29:04
Sobr777,Врачтарга сабак болсун акча учун иш кылбай адамдын омурун сактап калуу учун кылсын.
+3
Ayida
2016-01-21 19:30:27
Кееде врачтарга тан каласын корунгону барсан экоо отуруп калса суйлошуп башка эле темада укол сайып атыпда созго алаксып нервине тийет
+2
zoichka
2016-01-21 23:50:22
Жакшы кылат.алып чыксын.
+1
Shat.88
2016-01-22 01:31:32
Ооо Бул врачка мен да кайрылдым эле аягына чыкпай кетип калгам туура кылган окшойм,тайэжем болсо бир эмчегин кестирип салды эле ойлоно баштадым мумкун рак эместир...?
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан