Акыркы 4 жылда жаш балдарга көрсөтүлгөн зордук-зомбулуктардын саны 4 эсеге азайган

Кыргыз Республикасында жаш балдарга карата зордук-зомбулуктар катталган учурлар акыркы төрт жыл ичинде дээрлик эки эсеге азайган. Бул тууралуу КРнын Социалдык өнүктүрүү министри Кудайберген Базарбаев ЮНИСЕФ Балдар фондунун өлкөдөгү өкүлү Юкиэ Мокуо менен жолугушуу учурунда айтканын министрликтен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 2012-жылы жаш балдарга карата көрсөтүлгөн кордуктардын саны 1345ти түзсө, 2013-жылы 1045ти, 2014-жылы 909ду, 2015-жылы 700дү түзгөн.

Юкиэ Мокуо өткөн жылы балдарга карата зордук-зомбулуктардын алдын алуу максатында 528 штаб түзүлгөнүн, бул жаатта ийгиликтүү иш аткарылып жатканын белгиледи.

Министр К.Базарбаев өкмөт менен ЮНИСЕФтин ортосундагы балдарды коргоо боюнча келишим ушул жылы аяктай турганын, жыл соңуна чейин кийинки жылга карата иш-аракеттердин планын түзүп чыгуу зарылчылыгын белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
sabyr86
2016-01-21 18:05:24
Азайбай эле көбөйдү го,4 жыл мурун мындай жанылыктар жок эсе болчу,азыр күн сайын.
+2
aziziko
2016-01-21 19:07:18
sabyr86, Министирлик уро берет кербен журо берет
0
omur_1
2016-01-21 19:39:02
1-2 коосун атып салса мындан да азайып жоголмок ошолорду атып салуу мынча кыйын болду ошону тушунбодум
0
Azikko
2016-01-22 13:42:47
Каяктагы азайган наоборот кобойбодубу эки кундун биринде эле болуп ататго.а биз билбегендер канча
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан