№50-СИЗОдон качкан кылмышкер Эдил Абдрахмановдун бутуна бүгүн операция жасалат

№50-СИЗОдон качкандардын арасынан жалгыз тирүү кармалган Эдил Абдрахмановдун бутуна бүгүн, 22-январда операция жасалат. Жасалуучу операциянын чыгымдарын Кызыл Крест Эл аралык комитети төлөп берүүдө. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматынын өкүлү Александр Никсдорф билдирди.

Айта кетсек, №50-СИЗОдон качып чыккандан кийин аны кармоо учурунда ок атышуу болуп, Абдрахмановдун санынын сөөгү сынган. Аны караган дарыгер көп каражат талап кылуучу операция керек экенин айткан. Жаза аткаруу кызматы Кызыл Крест Эл аралык комитетине кайрылып, уюмдун башчысы Стефан Жакье Абдрахмановдун абалы менен таанышып, операциянын чыгымдарын төлөп берүүгө макулдугун берген. Буга чейин Э.Абдрахманов №47-колониянын ооруканасында дарыланып жаткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (22)
Inna_91
2016-01-22 12:12:14
Коркунучтуу экен
-1
bolotbai3
2016-01-22 12:21:19
Inna_91,Кылмышкер коркунучтуу болот да,же сулуу кылмышкерди кордун беле?мен кылмышкердин сулуусун корбодум.
-2
Inna_91
2016-01-22 12:36:45
bolotbai3,сакалын алып эле жонокой болуп журуш керекда
0
Rifle_2
2016-01-22 14:08:49
bolotbai3,
Образы коркунучтуу болуп калды.
Мисалы доктур же мугалим Эдил Абдрахманов дегенде жакшы эле көрүнмөк. Негизи жүзү жылуу эле бала экен.

Ок атышуу болуп деп жазылыптыр, бирок Эдилдин колундагы оюнчук пистолет экен го ?
+4
isnur93
2016-01-23 19:27:10
bolotbai3,айлананда канча сулууу кылмышкерлер журот чонтогундо акчасы менен.азыркы заманда акчан болсо сулуусун дагы,аппаксын дагы,тапптаза эч кыя баспаган адамсын,акчан жок болсо куниксин дагы,кылмышкер дагы айта берсе соз коп.ошондуктан кулай сактасын мындай сыноолордон,эч кимдин башына тушпосун.
0
sterva
2016-01-22 12:54:03
Ошол уюмдун башчысы,кылмышкерге спонсор болбой,жонокой оорукчан адамдарга жардам бербейби?!миндеген жонокой жарандарыбыз жардамга муктаж.Элементарный дарыларга акчалары жок.Негизи кылмышкерлер за счет государства жашаганы жаман куйдурот да.Мисалы садикте питание ар бир балага 30сомдон толойт,ата энелер,окмот эмес.А турмодогу зэктердин кунумдук питаниеси ар бириники 700сомдон экен,аны окмот толойт.Где СПРАВЕДЛИВОСТЬ???
+9
Inna_91
2016-01-22 13:01:44
sterva,туура айтасын мындай кылмышкерлерге чара эле корулуш керек багып жатпастан бул кылмышкер кылмышкерин кыла берет
+2
Rifle_2
2016-01-22 14:10:27
Да, оюңарды кайра ойлонгула. Дарыгер үчүн кылмышкер да карапайым да , зөөкүр да бирдей. Оорусун айыктырыш керек.
Кылмышкер болсо эле, дарылабай коюш болбойт.
0
sterva
2016-01-22 14:51:14
Rifle_2,туура сиздин деле оюнуз.Врачтар учун баары бирдей.Айткым келгени,кылмышкер озунун акчасына дарылансын,ата эне,туугандары берсин акча дегеним,азр мисалы тиги киши жардам бербесе,бул кылмышкерди за счет государства дарылашат
0
isnur93
2016-01-23 19:21:33
sterva,бизнес болсо керекда
0
Gulya21
2016-01-22 13:26:17
Ушулардын окуясы эч эле бутпос болдуда
+1
nelya88
2016-01-22 13:47:06
Бул кылмышкер оор кылмыштарды жасап жургон,'опасный' адам.Бутун айыктырып дагы да жаман кадамдарга баруусуна шарт тузуп берип жатышабы? Жон эле коюшса болмок,буту сыздаткан сайын кылган куноолорун сезип онолоор,балким..
+1
Rifle_2
2016-01-22 14:11:51
nelya88,бир аз бооруңуз оорусун. Операция ийгиликтүү болуп, сакайып кетсин. Кудайым анын жүрөгүнө ыйман берсин. Жакшы ниет кылып кое берсек эч жерибиз кемип калбайт.
+1
Inna_91
2016-01-22 14:54:58
Аллахтын жаман коргон пендеси адам олтуруу бул кылмышкерди ХХХ ХХХ сакайп кетсе дагы кызматкерлерге кол салат
+1
admin_media
2016-01-22 15:12:31
Inna_91,
Провокация жаратуучу билдирүү жазуудан алыс болуңуз!
0
Inna_91
2016-01-22 14:57:05
Кудай сактасын дагы башка адамды олтуруп кете берет
+1
Inna_91
2016-01-22 14:58:29
Козу канга канып калган кылмышкер эч ким жок жерлерде жалгыз адамдарга кол салат
+1
Elnazar96boy
2016-01-22 15:20:21
менин оюмча буларда куноо жок, булар чоооондордун оюнунун жертвасы,
факт ! N-50 СИЗОнун башчысынын табышмактуу олуму, "кылмышкерлерди" кармоо учурундагы атышуу, "оюнчук" пистолет менен жана башка коптогон табышмактуу нерселер.....
+3
saparali96
2016-01-22 15:40:51
Урматтуу супер инфо булардын шериги Музаффар Уринов жонундо да маалыматтар болсо жаза кетиниздерчи сураныч
+1
admin_superstan
2016-01-22 15:48:24
saparali96,
Саламатсызбы! Сунушуңузду тиешелүү бөлүмгө кабарлап коёбуз, рахмат!
0
Talgat87
2016-01-22 19:39:38
Ээмиби,ошондогу окту албай журсо анда ал ок тамыр жайып жазда онуп чыгат жон коё тургула..
0
Ryskeld
2016-01-24 00:17:54
кыргыз элим бироону сынабайлы. озубуздун келечегибизди билбей туруп. ал да бироонун аппак баласы. бешиктеги баланды бек болоруун ким билет. Бишкектеги баланды ЗЕК болоорун ким билет дегендей. жакшы ниет кылганды уйронолучу андан корок.

0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан