Былтыр мас абалда рулду башкаруу боюнча 13 694 факт катталган. Бул тууралуу бүгүн, 21-январда Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жыл аралыгында терезелерин караңгылатуу боюнча 9666 факт, унаасынын мамлекеттик номуру жок жүргөн 4868, жасалма мамлекеттик номур менен унаа башкаруу боюнча 249 факт, ички иштер органдарынын кызматкерлерине баш бербөө боюнча 1709 факт, айып пул төлөөчү жайга 39 005 унаа токтотулган, унаа айдоодо жүргүнчүнү алып баруу эрежесин бузуу боюнча 478 факт, айдоочунун өздүгүн тактоочу документи жок болуу боюнча 21 377 факт, каршы тилкеге чыгуу, унааны туура эмес жерге токтотуу боюнча 91 332 факт катталган.