Айыл чарба министрлиги: Беларуста чыгарылган тракторлор эми кыргыз жеринде чогултула баштайт

Бүгүн, 21-январда Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги, “Минск трактор заводу” ачык акционердик коому, “Автомаш-Радиатор” жабык акционердик коомунун ортосунда 3 тараптуу кызматташтык келишимине кол коюлду. Келишимдин негизинде кыргыз жеринде айыл чарба багытына керектелүүчү техникалык базанын жөндөмүн жогорулатуу үчүн жана машина-трактордук паркын жаңылоого багытталган келишим үч тараптан тең жактырылды.

Аталган министрликтен кабарлашкандай, мындан ары ушул келишимдин негизинде Беларусь тракторлору Бишкекте чогултулуп, чыгарыла баштайт. Мисалы, азыркы болжол боюнча ушул жылдын соңуна чейин 500 трактор чогултуу жагы каралса, 2020-жылга 1000 тракторду чыгаруу жагы каралган. Анализдердин негизинде ички керектөөчүлөрдү камсыз кылуу менен бирге чогултулган тракторлорду экспорттоо да пландалууда.

Келишим боюнча министрлик фермер-дыйкандардын муктаждыгын камсыз кылуу үчүн канча техника керектелерине мониторинг жүргүзүп, жаңы техникаларды презентациялап, көргөзмөлөрдү уюштурса, “Автомаш-Радиатор” тракторлордун сапатын арттыруу менен дилерлик-тейлөө кызматын көргөзөт. Ошол эле учурда “МТЗ” ААКсы менен биргеликте адистерди даярдайт. Ал эми “МТЗ” ААКсы жаңы үлгүдөгү тракторлорду чогултууда тетиктер менен үзгүлтүксүз камсыз кылып, керектүү жабдыктарды өз убагында жеткирип турат. Бул жагдайда эң негизгиси дыйкан-фермерлер сапаттуу, арзан техника менен камсыз болуп, кыргыз жеринде жумушчу орундар түзүлөт жана казынага салык түшөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
adilbars
2016-01-21 20:13:21
Бакиевге салам айтып койгула!
-1
Arslan12
2016-01-21 20:44:33
Бул жакшы кеп
+1
Maks_shop
2016-01-21 23:10:57
Ушуну жаңылык дейт
+1
nur_zhoni
2016-01-22 00:19:32
Жакшы жанылык экен чыгарылсын
0
Moskva.kg
2016-01-22 00:31:28
Баракелде!чыксын бизде дагы ошондо Кыргызстан болуп чыгабы
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан