Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам тергөө иш-чараларынын натыйжасында Баткен облусунда мыйзамсыз ишмердүүлүк алып баруу фактысы аныкталды.
Аталган мекемеден бүгүн, 21-январда билдиришкендей, Кадамжай районунун Орозбеков айыл округунда Ш.Х. аттуу жаран 2010-жылдан бери мыйзамсыз түрдө ишмердүүлүк алып барып, 756 миң сом пайда тапканы аныкталган. Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, азыркы тапта иликтөө жүрүүдө.