Бүгүн, 21-январда Орусияда "Шериктештик Кубогу-2016" мелдешинин тайпалык баскычында 3-тур оюндары өтүп жатат. Күндүн алгачкы беттешинде Беларусь курамасы тайпа лидери Молдова курамасын 2:1 эсебинде утуп алды.
Алгач кыргыз футболчуларына утулуп, кийинки беттеште казак футболчулары менен тең чыккан Беларусь жаштар курамасы кайрадан күрөшкө кайтып келди. Учурда команда мелдеш жадыбалында 2-орунду ээлеп турат.
Эгер бүгүнкү оюнда футболчуларыбыз казак футболчуларынан 1 гана упай ала турган болсо, кийинки баскычка биздин команда чыгат. Себеби упай тең болуп калган мезгилде командалардын өз ара оюну эске алынат.