Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук менен байланышуу жана ЖМК бөлүмү 2016-жылдын 21-январында кыргыз-тажик мамлекеттик чек араларынын “Кызыл-Бел унаа жол” көзөмөл-өткөрүү жайында мамлекеттик чек ара аркылуу курал-жарактарды, ок-дарыларды, жарылуучу заттарды жана алардын прекурсорлорун мыйзамсыз алып өтүүнү аныктоо боюнча көрсөтмө сабак өткөрүлгөндүгүн маалымдады.
Көзөмөл-өткөрүү жайынын өздүк курамынын жана чек арада өздөрүнүн бөлүкчөлөрү бар мамлекеттик органдардын кызматкерлеринин өз ара аракеттешүүсүн иштеп чыгуу үчүн атайын 3 сценарий иштелип чыккан.
“Көрсөтүлгөн сценарийлер чек арадагы чыныгы кырдаалга абдан жакын. Мамлекеттик чек ара кызматында, айрыкча өткөрүү жайларында ведомстволор аралык кызматташууга абдан чоң маани берилет. Ал жерлерде мамлекеттик органдардын өз ара аракеттешүүсү – эл аралык террорчулук уюмдарга катыштыгы бар адамдарды, республикага кирүүгө тыюу салынган адамдарды аныктоонун таасирдүүлүгүн жогорулатууга, ошондой эле мамлекеттик чек ара аркылуу мыйзамсыз өткөрүлүп жаткан курал-жарактарды, ок-дарыларды, жарылуучу заттарды, баңгизат жана алардын прекурсорлорун аныктоонун натыйжалуугунун көтөрүүгө мүмкүндүк берет”,- деп белгилейт КРнын МЧКнын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын Чек ара көзөмөлүн уюштуруу башкармалыгынын башчысы Таалайбек Тажибаев.
Көрсөтмө сабакта “Кызыл-Бел унаа жол” көзөмөл-өткөрүү жайынын, КРнын МЧКнын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын “Достук” чек ара тозотунун өздүк курамдары, ошондой эле УКМК, ИИМ, МБК, БКМК, аймактык бөлүмдөрүнүн кызматкерлери жана КРнын Куралдуу күчтөрүнүн бөлүкчөлөрүнүн аскер кызматкерлери катышты.