Жалал-Абадда милициянын майору "курал-жарактарды террордук уюмдарга саткан" деп шектелүүдө

Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын курал-жарактарды сактоо, берүү жана атуучу куралдарды каттоо бөлүмүндө ага инспектор болуп эмгектенген Б.Райымбеков "курал-жарактарды террордук уюмдарга саткан" деп шектелүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 21-январда УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

УКМК 14-январь күнү Жалал-Абад облусунда калктуу конуштардын биринен табылган гранатомёт жана 6 миңге жакын ок-дарылар террордук уюмдардын бирине сатуу үчүн бекитилгенин кабарлады. Белгилүү болгондой, кылмышка шектүү учурда камакка алынып, иликтөө иштери жүргүзүүдө.

Эске салсак, бул факт боюнча жакынкы аралыкта Сириядагы согуштук аракеттерге катышып келген адам кармалган. Иликтөө иштеринин алкагында анын 2015-жылдын июль айында жок кылынган казакстандык Т.Жумагулов жана Ж.Амиров башында турган террордук топко катыштыгы бар экени аныкталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
bessmertnyi
2016-01-21 18:30:31
Саткындык, чыккынчылык!
+4
realmadrid32
2016-01-21 19:16:51
Мындай "уйдо баатыр жоодо жок" акчан болсо оз эшегин кылып алсан болотурган формачан майор ГАИ дагын бир нерселер КРда толтура
+2
omur_1
2016-01-21 19:33:41
Балык башынан сасыйт деген ушул да
+1
Mars55
2016-01-21 21:17:28
Таш бараңга алыш керек мындай саткындарды.
0
Inna_91
2016-01-21 23:11:42
Кудайды эстейличи чын дуйного барганда кантип жооб беребиз жакшы жашоого не жетсин
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан