"Бээжин-2008" Олимпиадасынын коло медалынын ээси Руслан Түмөнбаев Жол-кайгуул кызматынын өкүлдөрү менен мушташып кармалды. Бул тууралуу видео 21-январда интернетке тарады. Видеодо Түмөнбаев өзү тууралуу айтып бергени жазылган. Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы мушташтын чоо-жайы тууралуу расмий маалымат бере элек.