Шериктештик Кубогу-2016: Орусия менен Молдова алтын медалды талашат, кыргыз футболчулары коло үчүн Эстония менен беттешет

21-январда футбол боюнча "Шериктештик Кубогу-2016" мелдешинин тайпалык баскычы жыйынтыкталды. 3-турда "А" тайпасында кыргыз футболчулары Казакстан жаштар курамасы менен тең ойноп, кийинки баскычка жолдомо алышты. Беларусь курамасы Молдованы жеңип, упайларынын санын 4кө жеткиргени менен, кийинки баскычка чыкпай калды.

3-турда катталган жыйынтыктар:

Беларусь - Молдова - 2:1

Кыргыз Республикасы - Казакстан - 2:2

Латвия - Тажикстан - 3:2

Эстония - Орусия - 1:2

Мелдеш жадыбалы:

Жыйынтыгында эки тайпада акыркы орундарды ээлеген командалар мелдеште өз ара 7-орунду талашат. Тайпада 3-орунду ээлеген командалар мелдеште 5-орун үчүн оюн өткөрүшөт. Ал эми тайпада 2-орунду ээлеген командалар коло медаль (3-орун) үчүн кез келсе, тайпаларда 1-орунду ээлеген командалар финалда жолугушат.

23-январда орун алчу беттештердин тизмеси (Бишкек сааты боюнча көрсөтүлдү):

14:00. 7-орун үчүн беттеш

Казакстан – Тажикстан

16:15. 5-орун үчүн беттеш

Беларусь - Латвия

19:30. 3-орун үчүн беттеш

Кыргыз Республикасы – Эстония

22:00. 1-орун үчүн беттеш

Молдова – Орусия

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
kama_future_millioner
2016-01-22 09:43:54
Ийгилик жигиттер жениш менен кайтттат деген умуттобуз
+1
Patriot...kg
2016-01-22 09:57:13
Алга КЫРГЫЗСТАН!
Ийгилик
+4
Maks_shop
2016-01-22 16:32:22
Ошондо Кыргызстан 3 оорунду талашабы?
+1
Beka95
2016-01-22 16:54:30
Азырча бизге учунчу орунду талашу деле чон бакыт. Келечекте Кудай буйруса бирди эч кимге бербейбиз.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан