Бишкектин мэри Беларустун унаа чыгаруучу заводдорунун өкүлдөрү менен жолугушту

Кечээ Бишкектин мэри Кубанычбек Кулматов Беларусь өлкөсүнүн Кыргыз Республикасындагы элчиси Виктор Денисенко жана аталган мамлекеттин унаа чыгаруучу заводдорунун өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Унаа заводдорунун өкүлдөрү кар тазалоочу, айыл чарба, жүргүнчү ташуучу унаалар жана лифт чыгаруу тармактары тууралуу маалымат беришти. Беларустун ири холдингинин Директорлор кеңешинин мүчөсү Александр Огородников мэриянын өкүлдөрүн алардын өндүрүшүн көрүүгө өлкөсүнө чакырды. Заводдордун биринин өкүлү жакында Бишкек шаарында жаңы чыгарылган коммуналдык техникаларды Бишкек мэриясына тартуу кылуу ниети бар экенин билдирди.

"Биздин техникага алгачкы талаптарыбыз - колдонууда жөнөкөйлүгү жана тетиктеринин оңой табылышы. Беларусь чыгарган коммуналдык техникалардын баары бизди кызыктырат",- деди Кулматов. Жолугушууга вице-мэрлер Геннадий Милицкий, Эркинбек Исаков жана мэриянын кызматкерлери да катышышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан