"Супер-Инфо" гезити №550-санында тукум кууй турган, чанда кезикчү тери оорусуна кабылган Бахтияр аттуу балага жардам керектигин жазган эле. Интернеттеги социалдык тармактарда Бахтиярдын абалына кайдыгер карабаган колдонуучулар анын дарылануусуна акча которуп жатышкан. Оор тагдырга туш болсо да күрөштү токтотпогон бала "чоңойгондо боксчу болгум келет" деген тилегин "СуперТВга" чыккан видеоматериалда да белгилеп өткөн эле.
Узакка созулган илдеттен Тынчтыкбек уулу Бахтияр Түркияда 21-январда көз жумду. Ага дарыгерлер "пигменттик ксеродерма" деген диагноз коюшкан эле. Анын сөөгүн мекенине жөнөтүү үчүн акча чогултулуп жатат. Бул тууралуу журналист Жылдыз Осмонова интернеттеги өздүк баракчасына жазды.