Ысык-Көл облусунда жол кырсыгы катталып, бир жүргүнчү каза тапты. Бул тууралуу бүгүн, 22-январда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы кечээ саат 20:00 чамасында болгон. Анда Одиссей үлгүсүндөгү унаа менен МАН үлгүсүндөгү унаалар кагылышкан. Натыйжада Одиссей үлгүсүндөгү унаанын 24 жаштагы айдоочусу А.И. ар түрдүү жаракаттарды алган. Ал эми унаанын жүргүнчүсү 25 жаштагы Ж. у. К. оор жаракаттардан улам көз жумган. Учурда унаалар айып пул төлөөчү жайга токтотулуп, иликтөө иштери жүрүүдө.