Борбор калаада алдамчылык фактысына шектелип 54 жаштагы шаар тургуну кармалды. Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришкендей, милицияга арыз менен 25 жаштагы К.Чыңгыз кайрылган. Анда ал Муратбек аттуу чала таанышы анын ишенимине кирүү менен батирин күрөөгө коюп, 5 миң доллар акча каражатын алганын айткан.
Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 54 жаштагы С.Муратбек кармалган. Учурда бул факт боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.