Жогорку Кеңештин депутаттарынын Сауд Арабиядагы иш сапары аяктады. Парламенттин маалымат кызматы 22-январда кабарлагандай, сапардын аягында делегациянын мүчөлөрү Мекке шаарында зыярат кылып, кичи ажылыкты (умра) аткарышты. "Сауд Арабия Падышалыгына келген ар бир мусулман баласы ыйык эки жайда – Мекке менен Мединада зыярат кылуусу кажет",- деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, кыргыз делегациясы Сауд Арабиянын падышасы, ханзаадасы, парламент төрагасы, каржы министри жана аталган өлкөдө окуп жатышкан кыргыз студенттери менен жолугушуу өткөрдү. Делегациянын курамын спикер Асылбек Жээнбеков, депутаттар Чыныбай Турсунбеков, Канатбек Исаев, Төрөбай Зулпукаров, Мыктыбек Абдылдаев, Сайдулла Нышанов жана башкалар түздү.