"Мас абалында МАИ кызматкерлерин тапанча менен коркуткан" деп шектелген Руслан Түмөнбаев убактылуу кармоочу жайга киргизилди

"Мас абалында МАИ кызматкерлерин тапанча менен коркуткан" деп шектелген Руслан Түмөнбаев убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул тууралуу бүгүн, 22-январда SUPER.KG порталына Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Белгилүү болгондой, 20-январдан 21-январга караган түнү жүргүзүлгөн рейддин алкагында А.Токомбаев көчөсүнөн Лексус 330 үлгүсүндөгү унаа токтотулган. Аны Р.Түмөнбаев башкарып жүргөн. Анын документтерин сураганда тиешелүү документтери жок экени аныкталган. Унаа айып пул төлөөчү жайга токтотулган. Көп өтпөй Р.Түмөнбаев А.Токомбаев көчөсүндөгү блокпостко кайтып келип, МАИ кызматкерлерин тапанча менен коркута баштаган. Спортчуну Республикалык наркологиялык борборго алып келишкенде анын мас абалда экени аныкталган. Ал эми "Стример" үлгүсүндөгү тапанчанын сериялык номуру өчүрүлгөнү жана анын эч кандай документтери жок экени белгилүү болгон.

Факт боюнча "ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды, жарылуучу заттарды жана жардыргыч түзүлүштөрдү мыйзамсыз алуу, берүү, өткөрүү, сактоо, ташуу же алып жүрүү" жана "бийлик өкүлүнө карата зомбулук көрсөтүү" беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, ал убактылуу кармоочу жайга камакка алынды. Иликтөө иштери улантылууда.

Руслан Түмөнбаев мушташып кармалды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (39)
BekAmir
2016-01-22 13:50:49
МАИчилерда аппак эмес.оздорунун куноосун жашырыштыда созсуз. Бирок мыйзамды баарыбыз сыйлашыбыз керек
+3
Ba-xa
2016-01-22 14:05:56
коп баскан аяк бок басат
+3
advert
2016-01-22 14:48:59
бул мас эмес, подстава
+1
amanatym
2016-01-22 14:52:43
ары жок эл сыйлап жатканда тайрандабай жон эле журбойт белен
+2
kubat_73
2016-01-22 16:17:57
Желекти которду деп эле жел опколорду сыйлай бериш керекпи.Атым чыкты деп эле билгенин кыла берсе болот бекен.Мындай копкондорду тартипке келтириш керек спортсмен эмес ажонун тун уулу болсо да.Олимпиададан коло медал тагыныптыр деп эле коколоткондун да чеги болуш керек.Кылмыш кылдыбы жазасын тартсын чемпиондун чемпиону болсо дагы
+5
elgiz0890
2016-01-22 16:27:11
Баарын коруп койгондой жазасын алсын дейсинерда балким поставадыр биздин МАИчилер карупциясыз иштей алабы кайерде болсо акча акча деп эле журушот шумшуктор камераны коргондо олумуш болуп калышат биз акбыз деп
+2
zoichka
2016-01-22 18:00:55
К.сагынбаевден эми тумонбаевге отуппу.копкондук
+2
Oi_pikir
2016-01-22 18:44:34
Жанагы интернаттын балдары мектепке бастырып кирип терезелерди талкалабады беле? Бул жигит дал ошол муундун өкүлдөрүнөн. Кыргыз мамлекетинин желегин желбиреткени чындык. Бирок тарбиясы, маданияты, интеллект деген нерсе "атылып кеткен". Өзүм күбө болгом бул жигиттин окуяларына.
+3
Arlenchik
2016-01-22 18:48:39
Спортчубу,саясатчыбы,жонокой адамбы мыйзам баарына бирдей кылганы чын болсо жазасын алсын,спортчумун деп эле тайрандап каалаганын кыла бериш керекби,мас болуп айдап озуле эмес башка бироого да зыянын тийгизишет.
+1
Temir.WwwKG86
2016-01-22 19:06:36
Мен ойлойм Май чилерде да куноо бар, аа Руслан да мыйзам чегинде Гана жазасын алсын Кылган кылымыщы учун,.
+1
Bars111
2016-01-22 19:15:05
ЭКИНЧИ БӨЛҮМ АДАМДЫН ЖАНА ЖАРАНДЫН УКУКТАРЫ МЕНЕН ЭРКИНДИКТЕРИ

Биринчи глава Негизги укуктар жана эркиндиктер

16-берене.

1. Адам укуктары жана эркиндиктери ажырагыс, ал ар бир адамга төрөлгөндөн эле таандык. Адам укуктары менен эркиндиктери эң жогорку баалуулук болуп эсептелет. Алар тикелей колдонулат, мыйзам чыгаруу, аткаруу бийлигинин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин маани-мазмунун аныктап турат.
2. Кыргыз Республикасы өз аймагынын чегинде, өзүнүн юрисдикциясында турган бардык адамдардын укуктары менен эркиндиктерин урматтайт жана камсыз кылат. Эч ким жынысы, расасы, тили, майыптуулугу, этноско таандыктыгы, туткан дини, курагы, саясий же башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк же башка абалы, ошондой эле башка жагдайлары боюнча кодулоого алынышы мүмкүн эмес. Эл аралык милдеттенмелерге ылайык ар кайсы социалдык топтор үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылууга багытталып, мыйзамда белгиленген атайын чаралар кодулоо деп эсептелбейт.
3. Кыргыз Республикасында мыйзам жана сот алдында бардыгы бирдей.
4. Кыргыз Республикасында эркектер менен аялдар бирдей укуктарга жана эркиндиктерге, аларды ишке ашыруу үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөргө ээ.
5. Кыргыз Республикасында баланын эң жакшы жашоо кызыкчылыктарын камсыз кылуу принциби колдонулат.
0
aziko1414
2016-01-22 21:05:33
Жаңылбас жаак, мүдүрүлбөз туяк болбойт. Мен эл адамдарын жакшы көрөм. Бул инсан Кыргызстанды дүйнөгө тааныткан. Сыйлайм дагы.
+1
Aibekaiym
2016-01-22 22:49:50
Ушу МАИчилер калп эле Камераны коргондо олумуш боло калат,жон жерден штраф сала беришет бул линияны басып кетин тигинтип кетин деп,акча сурайт айла жок 200,500 сом берсен сен мени менен ойноп жатасынбы деп кайра шылдындайт Русландын да жанына батырды да Маичилер!А дейбиз Б дейбиз козубуз мн корбогондон кийин баарына бир Кудай кубо!
+2
muras111211
2016-01-23 00:05:29
Р.Тумонбаевдин кашыктап чогулткан авторитети чомучтоп чачылыптыр ла.уят.спортчу эмес башкасы болсо да ал мас абалында унаа башкарганы учун камалганы туура эле чечим.эгерде маи кызматкерлери аны кармабаса бироо жарымды сузуп алса эмне болот эле.кудай сактасын.
-1
ms.jiba
2016-01-23 00:20:40
Биздин желекти президент менен спортсмендер эле дуйно жузуно таанытат.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан