Кыргыз Республикасында салык карызды кайра түзүмдөштүрүүнүн биринчи этабынын жыйынтыгы боюнча карыздын негизги суммасынан бюджетке 115,7 миллион сом түштү. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Алдын ала маалыматтар боюнча, суммасы 72,5 миллион сомго 100% өлчөмүндө кошуп эсептелген пайыздар, туумдар жана салык санкциялары эсептен чыгарылды.
Эске сала кетсек, салык карыздарын кайра түзүмдөштүрүү боюнча кампания “Салыктар жана бажы төлөмдөрүнө кошуп эсептелген пайыздар, туумдар, салык санкциялары боюнча карызды кайра түзүмдөштүрүү жөнүндө” мыйзамынын чегинде ишке ашырылууда. Мыйзам убактылуу мүнөздө колдонулат жана 2015-жылдын августунан тартып 2016-жылдын май айына чейин гана иштейт.
Мыйзамды ишке ашыруу үч этап менен ишке ашырылууда, ал салыктык карызы бар деп таанылган салык төлөөчүлөрдүн кошуп эсептелген пайыздарын, туумдарды, салык санкцияларын эсептен чыгарууга мүмкүндүк берет. Бул үчүн салыктык карыздын негизги суммасын (өткөн жылдын 1-августундагы абалы боюнча карызы барлар) жана учурдагы салыктык төлөмдөрдү төлөө керек.
Маалыматка ылайык, бул кампания кошуп эсептелген пайыздар, туумдар жана салык санкциялары боюнча карыздарды кайра түзүмдөштүрүү жолу менен бир гана бюджет алдында салык төлөөчүлөрдү салыктык карызынан кутултпастан, аны менен бирге ишканалардын финансылык-экономикалык абалын жакшыртууга жана турукташтырууга мүмкүнчүлүк берет, ошондой эле өлкөдө ишкердик иш-аракеттерди активдештирет.