Борбор калаада уурулук фактысына шектелип 23 жаштагы жигит кармалды. Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан бүгүн, 22-январда билдиришкендей, милицияга арыз менен 21 жаштагы
А.Кыял кайрылган. Анда ал борбордогу кафелердин биринен белгисиз жаран анын уюлдук телефонун алып кеткенин айткан. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 23 жаштагы С.Рахим кармалган. Учурда бул факт боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.