"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: Боом капчыгайында сүзүшкөн унаалардын дөңгөлөктөрү жайкы болгон

17-январда Боом капчыгайында биринин артынан бири сүзүшкөн унаалардын дөңгөлөктөрү жайкы болгон. Бул тууралуу бүгүн, 22-январда Бишкек-Торугарт автоунаа жолунун директору Керимкул Бозалаев билдирди.

"17-январда эртең менен саат 06:00 чамасында Бишкек-Торугарт жолунун 115-130-чакырымдарына Кеминдеги №32-жол тейлөө ишканасы тарабынан 2 унаа кум менен туз аралашмасы төгүлгөн. Ал күнү кар аралаш жаан жаагандыктан, жол тайгалак болгон. Ошол эле күнү саат 13:30дарда 5 унаа сүзүшкөн.
Мамлекеттик автоинспекциянын маалыматы боюнча, ал унаалардын бир нечесинин дөңгөлөктөрү жайкы экен. Азыр бул кырсыкка байланыштуу Транспорт министрлигинин алдындагы Жол чарба башкармалыгында түзүлгөн комиссия тарабынан кызматтык иликтөөлөр жүргүзүлүп жатат",
- дейт Керимкул Бозалаев.

Боом капчыгайындагы жол кырсыгы (уят сөздөр бар)
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
saru
2016-01-22 13:45:39
Мен да отком ошол куну,торт донгологум жаны болгон мен учун деле чон ынгайсыздык жаратты.Жолдун абалы ото начар болчу
0
Muttlu
2016-01-25 06:02:14
Чындыгын айтканда биздин мамлекетте кар тазалоо боюнча эч көңүл бурулбайт
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан