Бишкек ШИИББине берилген жер тилкесинин үчүнчү жактарга ижарага берилишинен мамлекетке 5 миллион сомдон ашуун зыян келтирилип, кылмыш иши козголду

Бишкекте жер тилкесин берүүдө кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы табылды. Бул тууралуу 22-январда УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Горький жана Фучик көчөлөрүндө жайгашкан жер тилкесин Бишкек мэриясынын макулдугу жок үчүнчү жактарга берүүгө болбойт. Мэриянын Муниципалдык мүлктөрдү башкаруу боюнча комитети ички буйруктун негизинде айып пул төлөнө турган унааларды токтотуучу жай катары Бишкек ШИИББинин Мамлекеттик автоинспекция башкармалыгына өткөрүп берген.

Ал эми Бишкек ШИИББи 2008-жылдан тартып 2015-жылга чейин ошол жер тилкени “Азал Сервис” ЖЧКсына жана “Автоспецтерминал” ЖЧКсына ижарага берип келген. Анда документтер туура эмес толтурулганы, жер тилкени ижарага берүү Муниципалдык мүлктөрдү башкаруу боюнча комитетинде каралбаганы жана ижара төлөө боюнча ылайыктуу эсептешүүлөр жок келишим түзүлгөндүгү аныкталган. Ижара акылары түшпөгөндөн улам мамлекетке 5 миллион 471,7 миң сом зыян келтирилген.
Факт боюнча "кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси менен кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
dubai
2016-01-22 13:24:13
Молодцы,коррупция менен аз да болсо курошуп келе жатышат.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан