Ысык-Көл облусунда 6 килограммдан ашуун баңгизат менен 31 жаштагы жигит кармалды

Ысык-Көл облусунда 6 килограммдан ашуун баңгизат менен 31 жаштагы жигит кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 22-январда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңгизаттарды көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 21-январь күнү жүргүзүлгөн ыкчам аракеттердин алкагында Бостери айылынан 31 жаштагы А.К. кармалган. Ал ижарага алган көл жээгиндеги коттедждин бөлмөсүнөн мүшөккө салынган баңгизат табылган. Котедждин жанындагы жайкы тамак-аш ичүүчү жайдан да баңгизат табылган. Тиешелүү экспертизанын жыйынтыгы менен мүшөктүн ичиндеги 5,250 килограмм марихуана, ал эми жайкы тамак-аш ичүүчү жайдан табылганы 800 грамм марихуана экени аныкталган. Учурда бул факт боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Umar080814
2016-01-22 13:02:33
охоо быйыл сезонду көлдүктөр алат окшойт нарко бизнестен .
0
Inna_91
2016-01-22 13:03:39
Акчага азгырылып ушул ишке баратта арам тамак аш болбойт
+2
bolotbai3
2016-01-22 14:20:40
Атаангору Колдо быйыл тушум мол болгон экен да,жаны жылдан кийин баа которулсо сатабыз дешкен го.Дашы канчалаган бангизат калды экен колдо.
0
aash
2016-01-22 20:46:33
bolotbai3,Ошто канча насывай болсо, ошонунун жарымынча калса керек.
0
ali1995
2016-01-22 21:09:08
Охооо катар катар колдуктор крупный кармалып ататго..тушум зор болгон окшойт
0
Aibekaiym
2016-01-22 23:13:05
Балким булар Колдуктор эмес башка облустан Колго келип Бизнес кылып жаткандыр Админ сураныч Ушулардын так кайакта туулуп осконун,документеги адрестерин тооук жазыныздарчы.Колдуктордун атын булгап жатканына ичим куйуп жатат бир эле кумалак бир карын майды чиритет болуп жатышат!
+1
akildydai
2016-01-23 04:20:04
Совет маалыган калган камды алыпчыккан экенда. Хе хе. Алые маки Исик-куля.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан