21-январда Египеттин Каир шаарында согушкерлерди кармоо учурунда жардыруу болуп, 10 адам каза тапты. Анын ичинен 6 адам полиция кызматкерлери экенин чет элдик маалымат булактары өлкөнүн ички иштер органдарына таянып жазып чыгышты. Жаракат алгандардын саны 20дан ашуун.
Маалым болгондой, жардыруу Аль-Харам көчөсүнө жакын жерде, пирамидалар жайгашкан аймакка кетчү жолдо болгон. Полиция кызматкерлери ал жайга "Мусулман бир туугандар” террордук уюмунун адамдарын кармоого барышкан. Полиция алар турган имаратты курчоого алган кезде колго жасалган жардыргыч жарылган.